Бул жылы кандай кадрдык өзгөрүүлөр болду? 2021-жылы бир катар адам кызматынан бошотулса, айрымдары жаңы кызматка ээ болушту. SUPER.KG порталы кадрдык өзгөрүүлөрдүн тизмектейт.
2021-жылдын башында эле өкмөттүн курамы өзгөртүлүп, бир канча адамдар кызматтан бошотулган.
Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси министрдин кызматынан бошотулду;
Кыялбек Мукашев финансы министринин кызматынан бошотулду;
Марат Жаманкулов юстиция министринин кызматынан бошотулду;
Санжар Муканбетов экономика министри кызматынан бошотулду;
Тилек Токтогазиев мурда дайындалган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;
Бакыт Бердалиев транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;
Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;
Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;
Эрлис Тердикбаев мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
Жыргалбек Сагынбаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
Алтынбек Исмаилов маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Андан кийинки өкмөт төмөндөгүдөй куралды.
Улукбек Марипов премьер-министр;
Артём Новиков биринчи вице-премьер-министр;
Улукбек Карымшаков экономика жана финансы министри, ошондой эле вице-премьер-министр;
Жеңиш Асанкулов өкмөттүн аппаратынын жетекчиси жана министр;
Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;
Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
Асел Чынбаева юстиция министри;
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри;
Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
Улан Ниязбеков ички иштер министри;
Гүлмира Абдралиева транспорт, архитектура жана коммуникация министри;
Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр-жай министри;
Аскарбек Жаныбеков айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы.
Май айында өкмөт министрлер кабинети болуп түзүлдү.
Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы;
Артём Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Улукбек Кармышаков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;
Жылдыз Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Азамат Дикамбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүктүрүү министри;
Таалайбек Өмүралиев коргоо министри;
Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
Асел Чынбаева юстиция министри;
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри;
Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
Улан Ниязбеков ички иштер министри;
Гүлмира Абдралиева транспорт жана коммуникациялар министри;
Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министри;
Аскарбек Жаныбеков айыл, токой жана суу чарба министри;
Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри;
Динара Кутманова Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Октябрь айында министрлер кабинетинин курамы өзгөртүлүп төмөнкүдөй болду.
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы;
Арзыбек Кожоше в министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы;
Руслан Казакбаев тышкы иштер министри;
Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникация министри;
Аскарбек Жаныбеков айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
Доскул Бекмурзаев энергетика министри;
Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри;
Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри;
Бактыбек Бекболотов коргоо министри;
Улан Ниязбеков ички иштер министри;
Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри;
Данияр Амангелдиев экономика жана коммерция министри;
Алмаз Бакетаев финансы министри;
Аяз Баетов юстиция министри;
Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри.
жаңыланды 01:33 02-01-2022
кошулду 23:48 31-12-2021