Эркин күрөш боюнча "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиону Заурбек Сидаков үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда колуктусунун уяттуу сүрөттөрү тааныштарына келип, тойдон сүйрөп чыккандыгы кабарланган.
Ошол учурдан бери модель Мадина Плиеванын кайда кандай жашап жатканы маалымдалган эмес. Окуядан кийин Мадина Плиева өзүн-өзү өлтүрүүгө бир нече жолу аракет кылгандыгы кабарланды. Ал эми орус басылмалары моделге ошол учурда мурда мамиледе болгон осетиялык олигарх Сергей Кациев жардам бергенин жазып чыгышты.
Андагы маалыматта олигарх Мадина Плиевага Москва шаарынан батир алып берген. Ошол окуядан кийин социалдык тармактагы бардык баракчасын өчүрүп салган Мадина Плиева жакында гана кайрадан активдүү боло баштаган.
Заурбек Сидаков Мадина Плиева таанышканына бир нече ай өткөнүнө гана карабастан үйлөнүшкөн. Орус басылмалары тойдо Мадина Плиеванын катышуусундагы уяттуу сүрөттөдү осетиялык олигарх Сергей Кациев жибергендигин жазышты.
Бул окуядан кийин Мадина Плиеванын атасынын жүрөгү кармап ооруканага түшсө, бир тууган байкеси өз үйүн талкалап салгандыгы маалым.