Казакстандын мамлекеттик иштер боюнча агенттигинин төрайымы Анар Жаилганова өлкөдө мамлекеттик кызматкерлерге кошумча жумуштарда иштеп, каражат табууга уруксат берген мыйзамды киргизүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу ал Борбордук байланыш кызматынын жыйынында билдиргени казакстандык басылмаларда жазылат.
"Биз бул тууралуу маселе көтөрүп чыкканбыз. Мамлекеттик кызматкерлер жумуштан тышкаркы убактысында кошумча башка иш менен алектенүүгө уруксат берген мыйзамды киргизүүнү карап жатабыз. Алар үй-бүлөсүн камсыздоодо кошумча каражат табуу үчүн мисалы такси кызматында иштесе болот. Бирок ишкерлик кылууга болбойт", - деген ал.