Зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемелер аралык комиссия министрлер кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн. Ошондой эле зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, мекемелер аралык комиссиянын алдына жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана зайым алуучулардын маселелерин чечүүнүн тийиштүү жолдорун табуу милдети коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-12-28 13:17:51
Зайым дегенди кандай түшүнсө болот?
Займ эмеспи?Сабатсыздыкты качан жоесунар суперчилер?
+2
Antiradikal10
2021-12-29 09:43:18
Займ орусча соз. Карыз же аласа деп жазса болот го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан