"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тургундун үйгө мылтык менен кирген адамды кантип таппайт дегени боюнча облустук милициядан жооп

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Катар-Жаңгак айылынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын короосундагы итин атып кетишкенин айтып, карапайым адамдын үйүнө мыйзамсыз мылтык менен түн жарымда кирген адамды участкалык милиция эмнеге таппай жатат деп суроо салган.

Жогорудагы маселе боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Алдын ала алынган маалымат боюнча жергиликтүү айыл өкмөтүнүн элдин талабына ылайык жолбун иттерди аттуу боюнча чечим чыгарып, анын негизинде атайын мергенчилер жалданып, жолбун иттерди атышат.

Ал эми бул тургундун кайрылуусу боюнча алардын итин короонун сыртынан атышкан жана ал жарадар болуп качып кетип, кийин үйүнүн алдына барып жатып өлүп калган экен. Үйдө жашаган кожойкеси октун үнүн уккан да эмес.

Бул окуя боюнча учурда териштирүү жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Катар-Жаңак айылынын тургуну 1985-жылы туулган Т.Ш. окуя боюнча Орусияда иштеген жолдошуна сүрөт жөнөткөн. Андан соң жолдошу үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна шектенип маалымат каражаттарына кайрылган. Бул окуя боюнча эч кимге арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартты", - деп кошумчалашты милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2021-12-28 16:08:58
Жооп берген адамды ошо иттей атыш керек,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан