Индонезияда жамгырда чагылган тийген киши аман калды

Индонезиянын борбору Жакартанын бир районунда инженердик компаниянын 35 жаштагы күзөтчүсү чагылган тийип аман калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аман калган адамга ишкананын аймагынан өтүп бара жаткан жеринен чагылган тийген.

Окуядан кийин күзөтчү жерге жыгылып, андан соң ордунан турууга аракет кылган, бирок эс-учун жоготкон. Кесиптештери ага чуркап келип жардам көрсөтүшкөн.

Жабырлануучу дароо аймактык ооруканага жеткирилген. Анын колу күйгөн, ал төрт күндөн кийин ооруканадан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан