"Кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети катары кабыл алабыз". Чоң-Алайда киши өлтүрүүгө шектүүлөрдүн койгон дооматын милиция четке какты

Ош облусунун Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган кылмышка шектүүлөр кыйноолорго кабылганын айтышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгы шектүүлөрдүн дооматтарын четке какты.

"30-ноябрь күнү шектүүлѳр 50 жаштагы Э.Ч. жана 58 жаштагы А.Р`га карата Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен айыптоо актысы бекитилип, козголгон кылмыш ишин кароо үчүн сотко жиберилген. Бүгүнкү күндѳ аталган кылмыш иши сотто каралууда.

21-декабрь күнү шектүүлөрдүн Кыйноолордун алдын алуу борборуна жазган арыздары Чоң-Алай райондук прокуратурасына жиберилип, учурда тергѳѳгѳ чейинки текшерүү иштери жүрүүдѳ.

Арызда кѳрсѳтүлгѳн кыйноолор Чоң-Алай РИИБинин кызматкерлери тарабынан болгон эмес. Кылмышка шектүүлѳр мурунку соттук отурумдарда кыйноолор боюнча эч кандай кѳрсѳтмѳ берген эмес, соттук отурумдарда аларга карата мыйзам чегинде катуу жаза кѳрүлѳ тургандыгы белгилүү болгон соң акыркы сот отурумунда кыйноолор болгондугу боюнча кѳрсѳтмѳ бергени шектүүлѳрдүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында жасалып жаткан аракети катары кабыл алабыз", - дешет башкармалыктан.

Ал эми шектүүлөр кармалган күнү, тактап айтканда, 18-октябрда шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизүү алдында ден соолугунун абалын тактоо боюнча атайын медициналык кароодон ѳткѳрүлгөндүгүн кошумчалашты маалымат кызматынан.

"Дарыгер алардын денелеринде жаракаты жок экендиги боюнча медициналык протоколунда кѳрсѳтүлгѳн.
Кармалгандар 13-ноябрда Кызыл-Суу дарыясынын боюнда жабырлануучу 54 жаштагы Э.Ж.ни кармап алып уруп, тепкилеп кыймылсыз жатып калганда кылмыштарын жаап жашыруу максатында маркумдун денесин экѳѳлѳп кѳтѳрүп сууга ыргытып жибергенге шектелүүдө. Аларга Жазык кодексинин 130-беренесинин 2,4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон".

Ош ОИИБи Чоң-Алай РИИБинин имараты эски экенин, жараксыз абалга келип калганын белгилешти. Ички иштер министрлиги тарабынан 2021-жылы март айынан баштап 2 кабаттуу жаңы имарат куруу боюнча долбоор мамлекет тарабынан кабыл алынып, 2022-жылы заманбап имарат курулуу планга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан