Баткен районундагы айылдардын биринде 43 жаштагы жаран курч нерседен жаракат алып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү саат 22:45 чамасында Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын 43 жаштагы Т.К. аттуу тургуну денесинен жаракат алып, Кадамжай районунун Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Анда жабырлануучу курч нерседен жаракат алганы аныкталган.
Бул маалымат Баткен РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өндүрүш ишинин алкагында шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.