Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мусулмандарга маанилүү кайрылуу жасады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Чикагодо өткөн Америка мусулмандар коомунун жана Түндүк Америка ислам коомчулугунун 20 жылдык биргелешкен конгрессинин катышуучуларына видеокайрылуу жолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түрк лидери белгилегендей, бир катар өлкөлөрдө коронавирус пандемиясы убагында ксенофобия, исламофобия жана радикализм менен шартталган кылмыштуулуктун коркунучтуу өсүү тенденциясы байкалууда. Мындай кырдаалда мусулмандардын биримдиги жана бири-бирине болгон колдоосу өзгөчө мааниге ээ.

Мындан улам Эрдоган мусулмандарды үмүт үзбөөгө жана көйгөйлөргө чечкиндүү каршы турууга чакырды.

"Мусулмандардын этникалык жана маданий негизде бөлүнүшүнө жол бербөө абдан маанилүү. Этникалык жана маданиятына, стилине жана терисинин түсүнө карабастан бардык мусулмандар бир тууган!", - деген Эрдоган.

Түрк президенти ислам дининде терроризмге орун жок жана боло албайт деп баса белгилеген.

"Заманыбыздын күчөп бараткан чакырыктарынын фонунда мусулмандар четтебей, өз күчүнө ишенип, коомдо татыктуу орун алууга умтулушубуз керек", - деп кошумчалаган Эрдоган.

Мындан тышкары, Эрдоган пандемия учурунда жумушсуз калган адамдарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayzhan12
2021-12-29 11:30:42
Молдолор эч качан эски замандын шарттарын идеялдаштарып, жаңы заманга таңуулаганды токтотуш керек. Болбосо биз жаңы цивилизацияны кура албайбыз. Өлгөндөн кийин бейишке чыгабыз деген динчилдердин жомогуна ишенсек, анда биз бул жашоодо өнүккөн цивилизация курууга ашыкпайбыз. Андыктан диний фанатизмден алыс болуп, билимге гана умтулуу керек.Чынында азыр мусулмандар арасында чыр чатактар толтура ал боло улана берет.
-6
Fernando_Torres
2021-12-30 12:23:14
ayzhan12,кафур Бут барас болуп журосун анан жаны жок ташкам сыйынып духун жетсе молдо болуп ал биринчи духун жетпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан