Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары Ак Үйгө чогулууда.
Чогулушка "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров келди.
"Буга чейин эмнени айтсак, ошонун баарын аткарабыз", - деп кыска гана жооп берип кирип кетти Мадумаров.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 6 мандат алган. Бул партиядан кимдер депутат болгонун шилтеме аркылуу өтүп, тааныша аласыз.