Бишкекте үйдүн жер төлөсүнөн 20 килограмм баңгизаты табылды

Бишкекте жер үйдүн жер төлөсүнөн 20 килограмм баңгизаты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкекте И.М. аттуу жаранга таандык Форд Фокус унаасы токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзүү учурунда баңгизатка окшогон зат салынган полиэтилен баштык табылган. Андан сырткары унаанын ичинде отурган жарандан буюмдар салынган баштыгынан сүйрү формадагы өзгөчө жыты бар зат табылган.

Мындан улам унаанын айдоочусунун жашаган жери тинтүүгө алынып, үйүнүн жер төлөсүнөн 8 полиэтилен баштык табылып алынган. И.М. аттуу жарандын түшүндүрмөсү боюнча аталган жүктү ага Бишкек шаарына жеткирип берүүнү суранып Бусу каймана аттуу киши берип жиберген. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Ж.М. аттуу жаран кармалган. Алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 килограммды түзгөн, азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

16 жашында биринчи жолу баскан Амантур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан