"Мага бөлүнгөн кабинетти биротоло тазалаш керек" дейт Мадумаров (фото)

Бүгүн, 29-декабрда парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өттү.

Депутат Адахан Мадумаров ага бөлүнгөн кабинетке жайгаша электигин журналисттерге билдирди. "Мага бөлүнгөн кабинетти биротоло тазалаш керек экен. Ал жакта отуруу мүмкүн эмес. Буга чейин кимдин кабинети болгонун билбейм", - деди ал.

Журналисттер Мадумаровдун кабинетин көрүү үчүн барышты. Ага бөлүнгөн кабинетте буга чейин Канатбек Исаев отурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан