UFC уюмунун аралаш таймаш боюнча 6 жолку дүйнө чемпиону Валентина Шевченкого Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан төш белги ыйгарылды.
Министрликтен кабарлашкандай, Азамат Жаманкулов Валентина Шевченкого Кыргызстанга келиши менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө мушкер айымга министрликтин каалгасы дайыма ачык жана биргеликте долбоорлор болсо аны бирге иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Валентина Шевченкого атайын тигилген чапан кийгизилип, "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды. Министр менен жолугушууга Валентинанын апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов да катышты", - дешет маалымат кызматынан.