Бишкекте соода түйүндөрүнүн биринде аялдын сумкасын уурдоого шектүү аныкталды. Сумкада 280 миң сом болгон

Бишкекте 280 миң сом салынган сумканы уурдоого шектелген жаран кармалды. Свердлов РИИБинин маалыматына ылайык, шектүү кылмыш ишин соода борборлордун биринде жасаган.

Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, сумкасын уурдап кеткен жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээси окуя 19-ноябрда саат 09:00 чамасында соода түйүндөрүнүн биринде орун алганын, сумкасында 280 миң сом болгонун айткан.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо милиция кызматкерлерине кайрылыңыздар", - дешет РИИБдин маалымат кызматынан.

Шектүү тууралуу кандайдыр бир маалымат ээлери үчүн байланыш номерлери: 0 504 00-22-66, 0 500 54-3-22 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusbayastan
2021-12-29 18:07:20
Азыр 21 кылым дейт анча акчасы бар адам карточкага салып журот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан