Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондогу 150 үй-бүлөнүн ар бирине 10 мүшөктөн көмүр берилди.
"Көмүр таратууга Биринчи Май районунун акими Жамалбек Ырсалиев катышты. Бул гуманитардык жардам "Ас-салам" фонду тарабынан ишке ашырылды. Аталган райондун башчысы көрсөтүлгөн жардам үчүн кайрымдуулук фондунун президенти Бакыт Сарыбай уулуна жана менеджери Шариф Аль Аюбиге ыраазычылык билдирип, грамота тапшырды ", - деп жазылат маалыматта.