Жогорку Кеңештин төрагалыгына Адахан Мадумаров жана Талант Мамытов сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
"Ынтымак" фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунуштады. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтүштү.
Бүгүн, 29-декабрда парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өттү.