"Ынтымак" саясий партиясынан депутат Эрулан Кокуловдун Жогорку Кеңештеги жүрүм-туруму сынга алынды. Тагыраагы, эл өкүлүнүн 29-декабрда парламентте жаңы шайланып келген депутаттардын ант берүү аземиндеги, андан кийинки жыйындагы сүрөтү интернет желесине жарыяланды.
Эл өкүлүнүн биринчи эле жыйындагы өзүн алып жүрүүсү социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразы пикирин жаратты. Көпчүлүгү кыжыры келгендерин айтып чыгышты.
"Колу чөнтөктөн чыккан жок. Сын айтып жардам берели. Дары болот", "Бул бала тез сынбаса болду", "Бүгүн көрдүм "артка бас" деп кекетип жатты башкаларды. Алыс узабайт", "Торпоктун чуркаганы саманканага чейин" деген макал бар беле?", "Уят! Биринчи күнү эле олтурушуң туура эмес!", "Тобо, ушундай Телибай тентектер келди дегиле?" жана башка сындар айтылууда.
Ал эми депутаттын отурганынан кемчилик көрбөй, позитив маанайдагы комментарий жазгандар бар. "Ушундай олтурган ыңгайлуу болсо керек да", "Бир айдан кийин диван алып келип эле жатып алат окшойт", "Бир аз сабыр кылгыла, 10 сааттап бир жерде отуруу деле оңой эмес. Буюрса, 100 күндүк иштин жыйынтыгынан кийин анан сындай берели", "Мен деле башка чөйрөгө аралашканда алардын темасын түшүнбөй, тиш чукугучту тиштеп алып ушинтип отурчумун. Нормалдуу эле көрүнүш".
Ал эми айтылып жаткан сындар боюнча Эрулан Кокуловдон комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутат айрым кесиптештерин жемеге алды.