Чарчаган аскерлер, аконит көтөргөн Уумен... Социалдык тармакта кызуу талкууга алынган сүрөттөр

2021-жыл аяктоо алдында турат. Бир жыл ичинде өлкөбүздө түрдүү окуялар орун алды. Алардын арасынан кээ бирлерин эстегенде көздөн жаш айланса, кай биринде жүрөк толкуйт.

SUPER.KG порталы бир жыл ичинде социалдык тармакта кызуу талкууга алынган сүрөттөрдү топтоду.

Иллюстрациялык сүрөттүн автору: Татьяна Зеленская

Социалдык тармакка "Аконитмен, Уумен, ал "Күн батыш өлкөсү" жомогундагы жаңы каарман. О, эми жашайбыз! Эгер, албетте, аман калсак", - деп жазган сүрөтчү Татьяна Зеленская.

Электр чайнегин кармаган Аконитмен же Уумендин сүрөтү 17-апрелде түз эфирде уу коргошун тундурмасын кайнатып ичкен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди чагылдырып турганы жазылган.

Кыргыз өлкөсүнүн аскер кызматкерлери чарчагандан улам катуу уйкуда унаада уктап бара жатышкан сүрөтү. Бул Баткендеги Кыргыз-Тажик окуясынан кийин тартылганы айтылган.

Социалдык тармакта тараган Баткен облусундагы Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунда өрттөлгөн бешиктин сүрөтү.

Бул сүрөт Баткен районунун Достук айылындагы Каксай участкасында тартылган. Анда социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттү бөлүшүп, мындай мыкаачы кадамга баргандарды кечирүү мүмкүн эместигин айтышкан.

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик тууну кайтарып турган эки жоокерди карап турган баланын сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

23-августта XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланган учурдагы сүрөт.

31-августта Борбордук аянтка келген эл маданияттуулук менен бут кийимдерин чечип, отургучтардын үстүнө чыгып алып парадды көрүп жатканы талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2021-12-30 12:37:57
Жыналач баланын суротуно 5!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан