Таласта каза болгон келиндин күйөөсү милиция кызматында иштейт

Буга чейин Таласта 29 жаштагы келиндин жансыз денеси табылганы кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгы келиндин денесинде көк ала тактар бар экендигин маалымдап, шектүү катары күйөөсү кармалганын билдирген.

Бүгүн, 30-декабрда маркумдун күйөөсү Талас ШИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштей турганы белгилүү болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында "Тез жардам" кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Талас шаарынын тургуну 1992-жылы туулган Э.Н. өз үйүндө каза болгондугу маалымдалган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүп, келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Бул факты 130-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Шектүү катары тергөө бөлүмүндө маркумдун күйөөсү, 1988-жылы туулган Ж.А. кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaysan030
2021-12-31 15:21:26
Менин классташ кызым эле((( арты кайрылуу болсун.
Жакындарына сабыр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан