Өлкөдө сутка ичинде 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 121 кыз төрөлгөн. Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, 64 ымыркай төрөлгөн. Бишкектин шаардык перинаталдык борборунда эгиздер төрөлдү.
Жаңырган жылда Талас облустук бириккен ооруканасында биринчилерден болуп 3,16 килограмм салмактагы эркек бала (саат 00:01) жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунда саат 00:05те 3,6 килограмм салмактагы эркек бала төрөлгөн.