Жаңырган жылдан тарта Евробиримдиктин тизгини убактылуу Францияга өттү

1-январдан тарта Франция 6 ай Евробиримдиктин төрагалыгынын милдетин аткарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин Кеңешине төрагалык кылуу милдеттерине анын ишин уюштуруу, күн тартибин жана графигин белгилөө кирет. Француз министрлери Евробиримдиктин тийиштүү министрлеринин жыйындарына төрагалык кылышат, компромисске, чечимдерди кабыл алууга, Кеңештин алкагында да, Евробиримдиктин башка институттары - Еврокомиссия жана Европарламент менен кызматташууда мыйзамдык демилгелерди бекитүүгө көмөктөшөт.

Президент Эммануэль Макрон бул боюнча жасаган өз билдирүүсүндө күчтүү, суверендүү жана бирдиктүү Европаны түзүүгө чакырды. Француз президенти шаркетке кирген 27 мамлекеттин ортосундагы байланыштарды бекемдеп, Евробиримдикти күчтүү державага айлантууну көптөн бери көздөп келет. Макрон биримдикке мүчө мамлекеттер ортосунда миграция маселесинде координацияны жакшыртууну жана башка сунуштарды киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан