"Сенин ордуң толгус, Дастик". Президенттин жардамчысы Садыр Жапаровдун уулун эскерди

Президенттин жардамчысы Адинай Марипова Садыр Жапаровдун каза болгон уулу Дастанды эскерди. Ал бул эскерүүсүн Инстаграм баракчасына жазган.

"31-декабрь дегенде эң биринчи сени эстейм, досум. Себеби, биз таанышкан 2012-жылдан бери жыл сайын Жаңы жылың менен атамдын жана үй-бүлөбүздүн атынан куттуктайбыз деп шампан, таттууларды алып, сөзсүз үйгө келип кетчүсүң. Бир жолу дагы унутуп калган эмессиң. “За преданность большое спасибо, Ади!” деп ар сөзүңдө ыраазычылыгыңды билдирчүсүң. Бир жылы түнкү саат 23:00дө келип, пробкада үйгө жетпей калып, сени куттуктайм деп Жаңы жылды жолдо тосуп калдым деп күлгөн элең. Нургожоевичтин чет өлкөдөн, абактан телефон аркылуу берген тапшырмаларын бул жактан экөөбүз чогуу аткарчубуз. Качан кайрылбайын, “Макул, шеф”, “Ок, шеф” деп тамашалап калчусуң. Садыр уулу Дастанга багыштап куран окуп калабыз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сенин ордуң толгус, Дастик! Сен эң мыкты уул элең. Сен атаңа дагы көп жардам беришиң керек эле. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот дегенге сенин көзүң өткөндөн кийин ишендим. Сендей элпек, жароокер, боорукер адам дагы жашашы керек эле. Эх. Бейишиң болсун, досум" - деп эскерген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zarema11
2022-01-02 13:51:29
Эч бир ата эненин башына мындай жоготууну салбасын . Адамдар эмне болуп баратабыз. Баардык эле жүрөгү тоодой ,дарыядай таза болгон адамдарга мындай окуя оор батат. Жакындары ата энесине сабыр. Жайы жаннаттан орун алган болсун.
+20
surgeon777
2022-01-02 20:26:17
Жайы жаннаттан болсун...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан