Centerra менен тынчтык келишимин талкуулоо жыйынтыкталып калды". Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды

Бүгүн, 2-январда президент Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” (КГК) компаниясын толугу менен Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди. "Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
algakaray
2022-01-02 21:42:45
Кумтордун акчасын туура пайдалангыла эми
+6
bond02
2022-01-02 22:36:52
Кумтордо топурактан башка эч нерсе калбады го дейм.
0
Simels
2022-01-03 01:24:35
bond02, Досуңдун тааныш байкесинин чоң кудасынын инисинин Ак үйдө иштеген кошунасы айттыбы???
+1
patriot.kg94
2022-01-03 01:52:35
bond02,топурактан алтын жасап атышабы не?
+1
Baatirbek81
2022-01-02 22:45:40
Антирадикал похмелдего бүгүн көрүнбөйт.
-3
Marni
2022-01-03 02:41:40
Baatirbek81, Антирадикал10 жүрөгүңөрдүн үшүн алып койгон окшойт. Асылганыңар эле Антирадикал10. Лично я её/его во многом поддерживаю.
+1
Dembele84
2022-01-03 03:04:15
Дакансалар чыгат азыр дабдырап
+1
Antiradikal10
2022-01-03 13:53:48
Садыр Жапаров жогорудагы маеги менен, озу да, Акылбек Жапаров да аферист экенин далилдеп жатат...

Эсинердеби, Акылбек Жапаров Кумтор кени Кыргызстанга биротоло отту, Центерра Голд Кумтор кенинен баш тартты, 926 миллион доллар Кыргызстанга толоп берди деп чыккан. Бирок эртеси эле Центерра Голд компаниясы Акылбек Жапаровдун билдирууму чындыкка дал келбесин, калп экенин билдирген. Бирок Центерра Голддун кайрылуусунан кийин да Садыр Жапаров Кумтор Кыргызстанга отту деп чыккан.
+2
Antiradikal10
2022-01-03 13:59:48
Мына эми бугун болсо, Центерра Голд компаниясы менен Кумторду Кыргызстанга откоруп беруу боюнча суйлошуулор журуп жатканын же уланып жатканын озу айтып жатат.

Эмне дейбиз, Садыр Жапаровдун каалоосу жана буйругу менен Окмотту же Министрлер Кабинетин Акылбек Жапаров деген АФЕРИСТ жетектеп турат... Буга не дейсинер?

Ал эми Садыр Жапаров президент башы менен улам улам калп айтып калпы чыгып жатканы нормалдуу корунушпу?!
+1
Antiradikal10
2022-01-03 14:03:34
Эми дагы бир жагдайга конулунорду бургум келет. 2021-жылдын жазында Кыргыз Окмоту Центерра Голд компаниясына 4 миллиард доллар доо койгон. Ошондо бийликтин дакансалары бийликти мактап жатып калышкан эле, Центерра эртен эле ошол сумманы толоп бере тургансып. Андан бери 7-8 ай отту. Центерра Голд компаниясы Кыргызстандын Окмотуно 4 миллиард эмес, 4 доллар да толоп бере элек...

Кыргыз Окмотунун колундагы Центерра Голддун жалпы акцияларынын бугунку наркы 600 миллион долларга жакын.
+1
Antiradikal10
2022-01-03 14:07:44
Бийлик канча убакыттан бери Кыргыз Окмоту менен Центерра Голддун ортосундагы суйлошуулордогу Окмоттун талаптарын ачыктабай жашырып келет.

Эми эгер Центерра Голд компаниясы Кумтор кенинен баш тартса, Кыргызстандын утушу жана уткарганы эмнелер?

Азыр Кыргызстан коп болсо колундагы Центерра Голддун акцияларын сатып 500-600 миллион доллар табышы мумкун. Плюс Кумтор Кыргызстанга отушу мумкун.

+1
Antiradikal10
2022-01-03 14:10:17
Экинчи сценарий боюнча Кыргыз Окмоту Центерра Голддун акцияларынан, ал эми Центерра Голд компаниясы Кумтор кенинен баш тартышы мумкун.....

25 жылда Центерра Голд компаниясы 500 тоннадан ашуун таза алтын казып алган. Анын 70-80%ти Центерра Голд компаниясына кетип турган. 25 жыл ичинде бир эле Кумтор кенинен ондогон миллиард доллар киреше тапкан Центерра Голд компаниясы Кыргызстанга 4 миллиард доллар да толоп бербей кутулуп кетеби?!
+1
Antiradikal10
2022-01-03 14:13:40
Садыр Жапаров популист десем чычалайсынар. Мына, Центерра Голд компаниясына 4 миллиард доллар толотобуз деген Жапаровдун билдируусу куру убада, популизм болгонун же эмдигиче мойнунарга албайсынарбы?!

Бугунку кундо Кумтордогу жуздогон миллион тонна уулуу калдыктар, талкаланган монгулор тууралуу эмнегедир соз жок. Кыргыз Окмотунун Центерра Голд комппниясына койгон 4 миллиард долларлык доосунан да кабар жок, тымтырс.

Мына ушулар боюнча оюнар кандай?!
0
Antiradikal10
2022-01-03 14:15:40
Баса, бийликтин дакансадары ар качан темадан четтеп эле жекеликке асылып жата калышчу эле, пусть тема боюнча жазышса...

Анан да мен эч бир саясатчыны колдобойм да, камчысын да чаппайм. Мадумаровчу, атамбаевчи, жээнбековчу, акаевчи, бакиевчи, батышчыл, чыгышчыл деп куру доомат артуудан алыс болгула, озунорду шерменде кылбай... )))
+1
aslan_akjol89
2022-01-04 00:24:36
Антирадикал10,создорундо жан бар.Менин оюмдагыны таамай жазганына рахмат!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан