Президенттик администрация "Асман" шаарын куруу боюнча дирекцияны Тимур Файзиев жетектей турганын ырастады


Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көлгө курулуучу экологиялык "Асман" шаарын куруу долбоорун жетектей турганын билдирген. Президенттик администрациядан маалыматты ырастап, Тимур Файзиев "Асман" мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп дайындалган дешти.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Тимур Файзиев "Асман" экологиялык шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жаз мезгилинде Ысык-Көл облусуна экологиялык "Асман" шаары курулары кабарланган. Аталган шаарды куруу долбоорун ишкер Тимур Файзиев жетектей турганын жазып чыккан.

Тимур Файзиев коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шектелген. 2021-жылы 27-майда Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевге карата сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Андан кийин Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Кийинчерээк, ишкер өлкөдөн сыртка чыгып кайра кайтып келгени кабарланган. Андан соң Башкы прокуратура Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal10
2022-01-04 14:21:21
Эмне дейбиз... Бийликте толук башаламандык. Бойрок чыкчу жерден баш чыгып........

Соттолуп камала тургандар биринин артынан экинчиси акталып, атугул депутат болуп, СИЗОдо отуруусу керек болгон Файзиев чон кызматка которулуп.....

Акылбек Жапаров кызматка келип Жээнбековдорду (кудалары) бошотту, эми Файзиевди кызматка дайындап жатат, соту бутпой жатып......

Садыр Жапаров озу бмйликке мыйзамсыз келген сынары, бийликти уурулар, зектер, каракчылар каптап кетти
-1
Antiradikal10
2022-01-04 14:27:19
Акылбек Жапаров ким? Ири коррупционер. Турмодо отура турган бири Окмотту жетектеп жатат. Бугун депутат болгон 88 депутаттын 50-60ы камалышы керек болгон коррупционерлер, уурулар, криминалдар, башка олко жарандары. Раим миллион, Ражабалиев, Боронбаевдер атууга кеткендин ордуна эркиндикте, атугул алды Жогорку Кенеште. Файзиевдин орду турмо болчу. Буга карабай кызматка тартып жатат.

Бул не деген заман болду? Куноосуздор абакта, куноолуулор, уурулар бийликте.....
0
Antiradikal10
2022-01-04 14:31:11
Асман шаар дегени кимге керек? Эл итке минген жакырлыктан туш тарапта мигрант болуп тентип журсо, Кытайга толоого Окмотун акчасы жок, Кытайдын айдаган жагына басып ыгына конуп коз каранды болуп жаткан сон......

Садыр Жапаров кылымдын аферасын баштабай, Центерра баштаган ондогон жуздогон инвесторлорду эптеп алса кана эле......... Олкону талап-тонотпостон ошол инвестор атыккан каракчы-ууруларга...
0
suban78
2022-01-04 15:40:54
Antiradikal10,ит уро берет, кербен журо берет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан