Валентина Шевченко UFC'деги эң мыкты мушкер айым аталды

Валентина Шевченко championat.com сайтынын сурамжылоосу боюнча UFC'деги эң мыкты мушкер айым аталды.

Аталган басылма UFC'деги мыкты мушкерлерди аныктоо үчүн ачык сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында Шевченко “Айымдар арасындагы жылдын эң мыкты мушкери” наамына татыган. Ага сайттын 65 пайыздан ашык окурманы добуш берген. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөн, кийинчерээк Кыргыз желеги менен чыгуудан баш тарткан дагы бир UFC мушкери Рафаэль Физиев бир нече наамга талапкер болуп, бирок биринде дагы жеңүүчү болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан