Токаев Мангыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи болуп митинг башталган Мангыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Анда жазылгандай, кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулук жана тартипти калыпка келтирүү, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо үчүн мамлекеттик башчы өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

"Өзгөчө абал 5-январда саат 01:30дан башталып, 19-январь түнкү саат 12ге чейин уланат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2022-01-05 08:04:08
Кичине күн жылыгандан кийин чыксаңар болмокда!
Бизден бир машине таш жардам болмок эле!
+2
al-abu-kinesz
2022-01-05 08:30:08
МАнгыстау! МИнгыстау эмес!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан