Айрым маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевден пневмония илдети аныкталганын жазып чыгышты.
SUPER.KG порталына Ташиевдин жакыны анын абалы жакшы экенин билдирди. "Камчыбек Кыдыршаевичтен коронавирус аныкталган жок. Ал сасык тумоолоп калыптыр. Абалы жакшы. Кыжаалат боло турган эч нерсе жок. Эки күндөн бери Бишкекте ооруканада жатат", - дейт ал.