Саламаттыкты сактоо министрлиги Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү күнгө карата абалын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Камчыбек Ташиевге пневмония диагнозу коюлган. Абалы канааттандырарлык. Дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, бардык зарыл болгон дарылоолорду жүргүзүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин SUPER.KG порталына Ташиевдин жакыны анын абалы жакшы экенин билдирип, кыжаалат болууга негиз жок экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida007
2022-01-05 13:48:48
Аллахым шыпаасын берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан