Бүгүн, 6-январда өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү. Анда чыккандар Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы пикирлерин билдиришти.
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келген айрым депутаттар дагы кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жиберүү тууралуу пикирлерин айтышты.
Депутат Эрулан Кокуловдун айтымында, бул боюнча позициясын Жогорку Кеңештин жыйынында гана айтат.
"Жогорудагы маселе боюнча позициям бар, бирок азыр айта албайм. Жогорку Кеңеште маселе каралсын, ошол жерде позициямды айтам", - деди Эрулан Кокулов.
Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов казак элинин кыргыз элине боордоштугун, жакындыгын айтып өттү.
"Казак эли менен өтө жакын мамиледебиз. Боордошпуз. Бардык жактан алып караганда кыргыздарга казактардан өткөн жакын өлкө жок. Ал жактагы окуялардын курчуп кеткени, көптөгөн курмандыктар мунун баары ар бир кыргыздын, анын ичинде министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн жүрөгү ооруп турат.
Эгер мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш аскерлер жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса деле, алар казак эли менен кагылышпайт", - дейт Эдил Байсалов.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльмурза Сатыбалдиев кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жөнөтүүгө каршы экендигин билдирди.
"Мен аскер күчтөрүн жөнөтүүгө каршымын. Анткени бул Казакстандын ички маселеси. Эгер сырткы чөйрөдөн таасир болсо, анда башка кеп эле.
Муну менен колубузду куушуруп отура бергенибиз дагы туура эмес. Алар биздин коңшубуз. Албетте, гуманитардык жардам беришибиз керек", - деп билдирди Сатыбалдиев.
Казакстанда орун алып жаткан кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртең, 7-январга жылдырылды. Ал эми президент маалымат катчысы Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берсе, алар тынчтыкты орнотууга гана колдонуларын айтып чыкты.
Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.