Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында өткөн митингде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго белгисиз адам ортонку манжасын көрсөттү. Мындай сүрөт интернет желесине тарады. Көп узабай эле Эдил Байсалов эч кимге эч кандай дооматы жоктугун, бул сөз эркиндиги экенин жазып чыкты.
Ал эми Бишкек ШИИББи манжасын көрсөткөн жаран 19 жаштагы М.Ж. экенин билдирди.
"Жорук жасаган жаран Биринчи Май РИИБине алып келинип, "майда бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки иш козголду. Тиешелүү материалдар топтолгондон кийин сотко жөнөтүлөт.
Мындан тышкары шектүүнү кароо учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат (тунук целлофан баштыкта) табылды. Алынган затка экспертиза дайындалды.
Кармалган жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-январда өкмөт үйүнүн алдында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы болгондор митингге чыгышты.