Казакстандын Актау шаарында митингчилер аскер кызматкерлерин камап алып, шаарга чыгарбай жатат. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, митингчилер аскер кызматкерлерин "Мангистау Арена" спорт комплексинин ичине киргизип, сыртынан тосуп турушат. Алар аскер кызматкерлеринин шаарга чыгуусуна тыяу салган.
Бүгүн, 7-январда Актау шаарында таңга жуук тартылган видео жарыяланган. Анда миңдеген адам шаардын борборуна чогулган.