Казакстандын Актау шаарынын борборунда миңдеген адам кайра чогулду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, миңдеген адам шаардын борборуна чогулган. Алар телефондорунун жарыгын күйгүзүп турушкан. Видео бүгүн, 7-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында тартылган.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.