ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зас Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ЖККУнун басма сөз катчысына шилтеме берүү менен орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар Казакстандагы абал тууралуу сүйлөшүштү.
Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда эл өкүлдөрү Казакстанга аскерлерди жөнөтүү боюнча талкуу жүргүзүшүүдө.