SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.
Окурман соода борборлорунун кире беришинде мажбурлап бет кап алдырган туурабы же бул жөн гана ушундай "бизнеспи" деп суроо салды.
"Соода борборлорго кирип баратканда күзөтчүлөр мажбурлап 10 сомдон бет кап алдырып жатат. Ансыз киргизбейт. Бирок бет кап сатып алсаң, аны кийдиңби же кийбедиңби карабайт. Соода борбордун ичинде бардык адамдар бет кап тагынбайт. Ушинтип мажбурлап бет кап алдырган (баары бир эч ким тагынбагандан кийин) туурабы же бул жөн гана ушундай "бизнеспи?", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.