Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерди чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Казакстандын аймагында мекендештерди жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандарыбыз төмөнкү телефон номерлери аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:
Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
Кыргыз өлкөсүнүн Нур-Султан шаарындагы элчилиги: