ТИМ: "Казакстанда Кыргыз жараны кармалды деген видео боюнча тактоо иштери жүрүүдө"

Казакстандагы баш аламандыкка катышкан деген шек менен кармалган Кыргыз жаранынын видеосу боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалганы тууралуу видеого байланыштуу Казакстандын компетенттүү органдары менен видеодогу жарандын кармалышы боюнча бардык жагдайларын тактоо тууралуу тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Ошондой эле министрлик Казакстандын аймагында мекендештерди жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2022-01-09 13:53:57
Иштеп жургон бир кыргызды коркутуп суйлотуп койду, дикий Армандын эле кылганы бул. Уят болбош учун ушинтип атат.
+2
Bishkek-Kg
2022-01-09 15:33:20
Тактап жүрүп өлүп кетесиңер Кыргыз бийлиги. Бул баланы уруп эле сүйлөткөн, кебетеси айтып эле туруго, таяк жеп мажбур сүйлөп бердида!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан