Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 30 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Азия Молл" соода борборунун жанында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан тартылган 5 куткаруучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз өмүрүн кыюудан сактап калышты. Ал жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилди.