Ташиев: "Кыргыз өлкөсүнөн эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп баш аламандык уюштурууга катышкан эмес"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Казакстанда болуп өткөн баш аламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу Кыргыз коомчулугун күнөөлөөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет. Себеби чындыгында Кыргыз мамлекетинен эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп баш аламандык уюштурууга катышкан эмес. Мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай "террорист" болушу мүмкүн эмес.
Ошондуктан Жапайы Армандын сөзү, Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош казак элибиз билиши керек, Кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакубаттуулук жана биримдик каалайт", - деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан