Алматыдагы баш аламандыкта каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары дагы бар экени айтылды

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында орун алган баш аламандыкта каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар. Бул тууралуу "Помогать легко" кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Аляева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Алматы шаарында каза болгондор жөнүндө расмий маалымат бар. Бул 100дөн ашуун киши, андан 2 же 3 эсе дагы көп болушу мүмкүн. Каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар. Алар Казакстанда иштеген же убактылуу барган жарандар. Туугандары алардын сөөгүн алып чыга албай жатышат. Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров, биздин жарандарга жардам берүү үчүн штаб уюштургула!", - деп жазды ал.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан