Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынан Казакстанда кармалган чет элдик жарандарга адилет чечим чыгарууну суранды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун жыйынында акыркы кырдаал тууралуу айткан.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинен Кыргыз жарандарына массалык баш аламандыктарга катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилеген.

"Буга байланыштуу менин өтүнүчүмдү билдирип, ар бир факты боюнча тергөө амалдары ачылып, адилеттүү чечим чыгат деп ишенем", - деген Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров бүгүн,10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынына катышкан. Анда Казакстандагы соңку кырдаал жана аны жөнгө салуу жолдору талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2022-01-10 21:04:31
Ушул созуно кошулам.Азаматсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан