Ноокатта сүттөй аппак болуп аккан суу боюнча комиссия түзүлөт

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын билдирген. Тургун "ичүүчү суу алган дарыя сүттөй аппак болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн. Ал эми Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев суу эмнеден улам булганганын айткан.

Жогорудагы маселе боюнча кайрадан Ноокат районунун акими Данияр Иманалиевге байланышканыбызда бул боюнча комиссия түзүлөрүн билдирди.

"Арал айылындагы булганган суу боюнча облустук комиссия түзүлөт. Ал топ аталган ишкананын (ред.: "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому) ишмердүүлүгүнө баа беришет. Мунун негизинде комплекстүү иштер өткөрүлөт. Комиссиянын жумушун бир-эки күндө баштайбыз.

Анын курамында райондук администрация, санитардык-эпидемиологиялык кызматы, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы, жергиликтүү башкаруу органы, Салык кызматы кирет", - деп билдирди аким.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдашкан.

Ноокатта дарыядагы суунун сүттөй аппак болуп агып жатканын комиссия иликтейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samatisaev
2022-01-11 00:12:34
Комиссиянарга.......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан