Акылбек Жапаров: "Кыргыз өлкөсү четте турбай, азыркы кырдаалга санаа тартып, ар кандай ыктыярдуу жардамдарды берип жатканын кубануу менен белгилейбиз"

Кыргыз өлкөсү кармалган ар бир чет элдик жаран, анын ичинде Кыргыз жарандары боюнча да Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын алкагында ачык, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин онлайн режимде өткөн кезексиз сессиясында билдирди.

Акылбек Жапаров Казакстанга колдоо чарасы катары Кыргыз мамлекети бардык мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын жарандарына да ПЦР анализинин терс натыйжалары тууралуу маалымкатын көрсөтпөстөн кыргыз-казак чек арасы аркылуу өлкө аймагына өтүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алганын белгиледи.

“Бул күндөрү кыргыз тарап Түркиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана башка мамлекеттерден кайтып келе жатып “Манас” эл аралык аэропортуна келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандары үчүн убактылуу жайгаштырууну да уюштурду. Алар уюшкандыкта Кыргыз-Казак чек арасына чейин жеткирилүүдө.

Кыргыз өлкөсүнүн көптөгөн жарандары четте турбай, азыркы кырдаалга санаа тартып, ар кандай ыктыярдуу жардамдарды берип жатканын кубануу менен белгилейбиз. Бүткүл кыргыз эли бул оор күндөрдө казак боордошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалдын тезирээк элдин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын чын жүрөктөн каалайт”, - деди ал.

Аны менен бирге министрлер кабинети акыркы убакта жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргыз жарандары тууралуу, алардын талап-тоноолорго жана массалык баш аламандыктарга катышкандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгиледи.

“Буга байланыштуу ар бир тастыкталган факты боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын алкагында биздин эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларыбызга ылайык ачык, так, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөм”, - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан