Казакстанда баш аламандыкка тиешеси бар деп кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов өлкөгө келди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы башкы консулу Назарали Ариповдун катышуусундагы белгиленген процедуралардан өткөрүлгөндөн кийин коё берилген.
Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.