"Хиджап кийип алган болушу мүмкүн". Жалал-Абадда 25 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделет


Жалал-Абадда 25 жаштагы Алина Абдымомунова аттуу кыз дайынсыз болуп изделет. Ал 6-январь күнү саат 08:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.
"Изделип жаткан кыз Ноокен районунун Алма айылынын тургуну. Учурда Алина Абдумомунованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция кызматкерлери аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Ал хиджап кийип алган болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, ак жумал, кашы, көзү, чачы кара.
Кийген кийимдери: көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым.
Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранышат.
Байланыш номерлери: 102, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2022-01-11 10:12:12
Жашынып журобу ошондо?
+2
alimbek94
2022-01-11 12:24:38
Дагы бир молдо чалыш мажбурлап хиджабка ороп салды да.
-3
naturalmuslim
2022-01-11 15:50:36
alimbek94, дөңгөлөк , мажбурлаган фактын койуп бере аласыңбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан