Музыкант Викрам Рузахуновдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Бул тууралуу Азис Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Викрам баарыңыздарга ыраазы. Жакында баарыңыздарды өзүнүн концертине чакырат. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары дүйнөдө эң жакшы жарандар", - деп жазды Абакиров.
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
Кечээ, 10-январда өлкөгө кайтып келген.