Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Акылбек Жапаров белгилегендей, аталган кызматтын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган.
"Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын план коюлган", - деди министрлер кабинетинин башчысы.
Кеңешменин жүрүшүндө аталган кызматтын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Жапаров Салык кызматынын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.