Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жарандарды кармады

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2022-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Чүй көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа уурдалды деген билдирүү келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча кызматкерлерге уурдалган унааны кармоо боюнча багыттама берилген. Берилген багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги 2005-жылы туулган Н.А., 2005-жылы туулган Ж.Б. жана 2006-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандар унааны уурдап айдап бара жаткандыгы аныкталган. Бул факты боюнча кылмышка шектүү жарандар андан ары чара көрүү үчүн Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан