Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
"Улан-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү лифтте бир адам каза болгону белгилүү болоору менен «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын жетекчилери жана Энергетика министрлигине караштуу Өнөр-жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциянын өкүлү окуя болгон жерге барды.
Алар келгенге чейин лифт-оператор инструкцияга ылайык лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган. Кырсыкты иликтөө жол-жобосуна ылайык, борбор калаанын мэриясы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын, Октябрь акимиатынын, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр-жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана РИИБдин өкүлдөрү кирди.
Комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын эске алуу менен анын корутундусун даярдайт. Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт", - деп жазылат маалыматта.