Соңку сутка ичинде өлкөнүн медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Республикалык штабдан каза болгондор Бишкек шаарында катталганын маалымдашты.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы 2020-жылдын март айында катталып, андан бери илдеттен жалпы 2 миң 823 адам каза болду.