Бишкектеги "Дордой" базарындагы соодагерлер коронавируска тест тапшырышты. Маалыматты бүгүн, 24-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Свердлов райондук администрациясынын демилгесинин негизинде соодаргерлер анализди акысыз тапшырган.
"Свердлов районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун мобилдик тобу менен "Дордой" базарынын санитардык дарыгеринин милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Назарбекова жумушчулардан экспресс-тест алышты. Бүгүн жалпысынан базардагы 100 сатуучудан жана "Дордойдогу" тамактануучу жайдын 50 жумушчусунан коронавируска тест алынып, жыйынтыгы таза деп чыкты.
Базардын аймагында күзөт кызматынын өкүлдөрү жарандардын бет кабын, дене табын текшерип жатышат", - дешти маалымат кызматынан.